Өтө кайгырганда, чочуп кеткенде, аябай корккондо, катуу нараазылыгын билдиргенде колдонулат. Эмне дейт каран күн, кудай? Каран күн, айта көрбө! Ысмайыл акемен кара кагаз келди... Каран күн түштү биздин үйгө (Мырзаев). -Эй, каран күн, бизге кошоматтан башка, чокубузду колу буз менен калкалаштан башка арга калган жок беле?... (Касымбеков).
Өтө кайгырганда, чочуп кеткенде, аябай корккондо, катуу нараазылыгын билдиргенде колдонулат. Эмне дейт каран күн, кудай? Каран күн, айта көрбө! Ысмайыл акемен кара кагаз келди... Каран күн түштү биздин үйгө (Мырзаев). Каран күн, эмне болуп кетти! («Ала-Тоо»). – Эй, каран күн, бизге кошоматтан башка, чокубузду колубуз менен калкалаштан башка арга калган жок беле?... (Касымбеков). В.: Кокуй күн! Кокуй күн турбайсыңбы! (Бейшеналиев). А, кокуй күн, дагы эмне болуп кетти! – ыя, кокуй күн, көңүл иши куруп кетсин! (Бердикеев). Алат күн. Атыңдын оозун бура тур, Алат күн, Чүрөк, тура тур («Сейтек»).
Кырсык чалуу, балакет басуу, кайгы каптоо, азап чулгоо. Келин ошентип башындагы бактысына ишенип-ишенбей кыйды болуп турган чакта капыстан кырсык басты да, кайрадан каран күн түштү (Акматов).